Бүгүн, 1-апрелде президент Садыр Жапаров бир катар ооруканаларды текшерип барды. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат катчысы Эрбол Султанбаев билдирди.
Бүгүн бир катар ооруканаларга күтүүсүз барып текшерүүсүнүн жүрүшүндө Президент Жапаров Улуттук онкология жана гематология борборунда (онкологиялык оорукана), Улуттук эне жана баланы коргоо борборунда (балдар ооруканасы), Улуттук фтизиатрия борборунда (кургак учукка каршы оорукана) бейтаптардын ата-энелери жана туугандарынан оорулуулар үчүн дарыга акча каражатын албоону тапшырды.