• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Президент Орхан Инандыны издөө боюнча УКМК менен ИИМге тапшырма берди

1 Кулжа 202113:09 Бишкек Govori.TV

Президент Садыр Жапаров Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети жана Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигине Кыргызстандын жараны Орхан Инандыны издөө боюнча тергөө-оперативдик иштерди күчөтүүнү жана кошумча күчтөрдү тартууну тапшырды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Мамлекет башчысы укук коргоо органдарына Кыргызстандын жаранынын жерин аныктоо боюнча тиешелүү издөө иш-чараларын жүргүзүүнү тапшырды.

Эске сала кетсек, буга чейин укук коргоо органдары Бишкекте «Сапат» билим берүү мекемесинин негиздөөчүсү Орхан Инанды дайынсыз болуп жаткандыгын билдиришкен.

Количество просмотров: 422