• Шаршемби 8 Бугу 2024
  • Среда 8 Май 2024

Президент Санкт-Петербург шаарына барат

23 Бештин айы 2022 17:46 Бишкек Govori.TV

Президент Садыр Жапаров 26-декабрда Орусиянын Санкт-Петербург шаарына иш сапары менен барат. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан билдиришти.

Жапаров сапардын алкагында Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигинине мүчө мамлекеттердин президенттеринин бейформал жолугушуусуна катышат.

КМШ саммитине Садыр Жапаровдон тышкары, Беларусь президенти Александр Лукашенко, Азербайжандын президенти Ильхам Алиев, Армениянын премьер-министри Никол Пашинян, Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев, Орусия президенти Владимир Путин, Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон, Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедов, Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин катышуусу күтүлүүдө.

Количество просмотров: 125