• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Президент: Шайлоонун “шайтан оюндары” баарыбызга сабак болушу керек!

21 Тогуздун айы 2021 13:20 Бишкек Govori.TV

Өлкөдө коомдук-саясий абалдын стабилдүүлүгүнө түздөн-түз таасирин тийгизе турган кийинки маселе — бул алдыдагы шайлоо кампаниясы. Андыктан, шайлоо өнөктүгүн кынтыксыз, жогорку деңгээлде уюштуруу керек. Мындай пикирин президент Садыр Жапаров жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана жергиликтүү мамлекеттик администрация башчыларынын Республикалык кеңешмесинде айтты.

«Өлкөбүз эгемендүүлүк алгандан бери шайлоо өткөрүүнүн түрдүү ыкмалары колдонулуп келди. 2020-жылдын октябрь айында өткөн мыйзамсыз шайлоолор, жер-жерлерде ачык эле колдонулган административдик ресурс жана шайлоочуларды акчага сатып алуу фактылары эч кимдин эсинен кете элек. Бардык болуп өткөн шайлоонун “шайтан оюндары” баарыбызга сабак болушу керек! Мындан ары шайлоонун таза өтүшү баарыбыздан көз каранды.  Бул багытта бардык жооптуу кызматкерлер өз милдеттерин так аткарып, мыйзам бузууларга жол бербешин талап кылам. Менин алдымда алдыда боло турган шайлоонун таза өтүшүн камсыздоо милдети турат! Мындан ары бардык шайлоолор таза өтөт. Болгон күчүмдү жумшайбыз. Административдик ресурс таптакыр колдонулбайт. Ким кызматта туруп, кайсы бир партияга же талапкерге иштесе, кызматтан алынып эле тим болбостон, жоопкерчиликке дагы тартылат. Райондордо шайлоого кийлигишкен акимдер менен айыл өкмөттөрү  эле жооп берип калбайт. Райондук милиция, же райондук билим берүү бөлүмү же мугалимдер, дарыгерлер кайсы бир саясий партиянын же талапкердин пайдасына тартылап иштеген болсо, эскертип коеюн, жазасыз калбайт! Мындай фактыларга жол бербөө максатында коомдук көзөмөлдү  күчөтүүнү, башка натыйжалуу чараларды көрүүнү Ички иштер министрлигинен, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен жана башка тиешелүү мамлекеттик органдардан талап кылам. Ошону менен бирге эл дагы добушун сатпашы керек. Бул жолу сиздерге парламентти “люстрациядан” өткөрүүгө шарт түзүп бердик. 36 депутатты бир мандаттуу округдан өзүңүздөрдүн түздөн-түз өкүлүңүздөр кылып шайлап аласыздар. Андан сырткары 54 депутатты партиялык тизме менен шайлайсыздар. Мурдагыдай партияга эле добуш берип коюу болбойт. Партиянын ичинен өзүңүздөргө жаккан талапкерге дагы добуш бересиздер. Мына ошондо парламентке көпчүлүк – силер тандаган, чыныгы элдин колдоосун алган талапкер же партия келет. Урматтуу эл-журт, бул жерде ар бириңиздердин бирден болсо да добушуңар чечүүчү мааниге ээ, ушуну жакшылап түшүнүп коюңуздар! Мурдагыдай “биринчи ондукка кирип алсам, депутат болом” деген заман жок. Ал заман артта калды. Азыр тизмеде канчанчы болуп турушуң маанилүү эмес. Тизмеде 54-болуп туруп деле көп добушка ээ болсо, биринчилерден болуп келе беришет. Борбордук шайлоо комиссиясына тапшырма! Өлкөдө жаңы Конституция кабыл алынып, ага жараша парламенттик шайлоо жаңы тартип менен өткөнү турат. Буга чейин элибиз партияларга гана добуш берип көнүп калышкан. Андыктан, бул жолу партиялык тизмеге, бир мандаттуу округдардан чыгып жаткан талапкерлерге добуш берүүнүн жол-жобосу боюнча өлкөнүн бардык аймактарындагы шайлоочуларга түшүндүрүү иштерин жүргүзүшүңөр керек. Мыйзам ченемдери менен аныкталган маалымат бюллетендерин, слайддык материалдарды теле-радио, гезит жана башка маалымат каражаттары аркылуу толугу менен чечмеленип берилиши абзел. Шайлоо маалында бул маселе боюнча көйгөй жаралбагандай болсун! Биз натыйжалуу шайлоо системасын иштеп чыгып, өсүп келе жаткан муунга туруктуу өнүккөн мамлекеттик башкарууну калтырууга милдеттүүбүз! Кыргыз Республикасы эгемендүүлүктү алгандан тартып улутуна, расасына карабастан, ар бир жарандын укугун сыйлоо жана коргоо максатында дин тутуу эркиндиги жана аны менен катар мамлекеттик башкарууга дин аралашпаган светтик принципти сактап келе жатат. Жаңы кабыл алынган Баш мыйзамга ылайык, Кыргыз Республикасында ар бир адамга ой, сөз жана дин эркиндигинин кепилдиги берилген. Ар бир адам өзүнчө же башкалар менен бирге каалаган динин карманууга же эч бир динди тутпоого укуктуу. Мамлекет жарандардын бул укуктарын толук камсыздайт. Диний баалуулуктар биздин дилибизде болушу керек, бирок аны саясий куралга айландырбайлы. Бир дагы саясий партия, же бир дагы саясатчы шайлоо процесстеринде динди, диний символиканы, же диний терминди жана диний чакырыктарды колдонбошу керек. Мен муну шайлоого катышабыз деп, каттоодон өткөн партиялардын жетекчилеринен, талапкерлигин бир мандаттуу округдарга койгон жарандардан өтүнөм»,-деди Жапаров.

Количество просмотров: 112