Президент Садыр Жапаров Ысык-Көлдү сүзүп өтүп дүйнөлүк рекорд койгон кыргызстандык суучул Владислав Шуликону телефон аркылуу куттуктады. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.
Мамлекет башчысы Владислав Шулико 181 чакырым узундуктагы Ысык-Көлдү сүзүп өтүп, болуп көрбөгөндөй эрдик жасаганын белгиледи.
«Бардык кыргызстандыктар, анын ичинде мен дагы алты күнгө созулган көлдө сүзүүңүздү сарсанаа болуп карап жаттык. Сиз койгон рекорд тууралуу кабарды чоң кубаныч жана толкундануу менен кабыл алдым. Сиз биздин чоң сыймыгыбызсыз. Сизге чейин мындай сүзүүнү эч ким жасаган эмес. Сиздин чеберчилик, өжөрлүк жана Мекениңиз — Кыргыз Республикасын таанытууга болгон эркиңиз коюлган максатка жетүүгө жардам берди», — деп белгиледи президент сүйлөшүү учурунда.