• Шейшемби 14 Бугу 2024
  • Вторник 14 Май 2024

Президент тендер системасынын эмнеге жоюлганын айтты

16 Чын куран 2022 21:39 Бишкек Govori.TV

Президент Садыр Жапаров Фейсбуктагы баракчасы аркылуу эмне себептен тендерди жоюу чечимин кабыл алганын түшүндүрдү.

Анын айтымында, бул система оң таасирин бербестен, коррупциялык схемаларды түзүүгө өбөлгө болгон.

«Тендер деген немеге жамынып алып, буга чейинки мектептердин бир квадратын 820 доллардан салып келишкен экен. Сапаты да начар болгон. Жалпы республика боюнча алганда миллиарддаган акчалар желип кеткен. Адистер менен отуруп эсептесек, 650 доллардан ашпаган баада салса болот экен. Быйыл кышта жаңы конуштарды кыдырып чыктым. Мектептер жок, балдар шаарга келип окушат же жөө-жалаңдап алыскы айылдарга барышат экен. Дал ошондо 15 мектеп, бир бала бакча салуу чечимин кабыл алгам. Бишкек шаарындагы жаңы конуштар мектеп менен толук камсыз болушат. Буга 1,5 миллиард сом акча бөлдүк. Учурда жалпысынан 60 миң чарчы метр курулуп жатат. Ар бир квадратынан 170 доллар айырма болгондо 10 миллион 200 миң доллар үнөмдөлдү», — деп жазды президент.

Ошондой эле ал 15-сентябрда 15 мектеп жана бир бала бакча колдонууга берилерин кошумчалады.

Количество просмотров: 6485