• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Президент Укук бузуулар жөнүндө кодекс менен Кылмыш-жаза кодексин артка кайтарды

21 Аяк оона 2021 17:20 Бишкек Govori.TV

Президент Садыр Жапаров Укук бузуулар жөнүндөгү кодекстин жана Жазык кодекстин долбоорун каршы пикири менен Жогорку Кеңешке кайра кайтарды. Бул тууралуу бүгүн, 21-сентябрда Жогорку Кеңештеги Укук коргоо, кылмыштуулук жана коррупцияга каршы күрөшүү боюнча комитеттин жыйынында кабарланды.

Комитеттин төрайымы Наталья Никитенко президенттен бир нече сунуш келип түшкөнүн айтты. Тактап айтканда, беренелердин жаңы редакциясы, Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 177-беренесин толук иштеп чыгуу, Кылмыш-жаза кодексинин 191-352-358-359-беренелерин кайра карап чыгуу сунушталды.

Белгилей кетсек, аталган кодекстер Жогорку Кеңеш тарабынан 22-июлда кабыл алынган.

Количество просмотров: 323