Мамлекет башчы Садыр Жапаров көзүнө операция жасаткандыктан, бөлмөнүн ичинде дагы көз айнек тагынып жүрүүгө мажбур болууда. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, Садыр Жапаровго ылдыйкы сурманын энтропиону деген диагноз коюлуп, көзүнө операция жасаткан.
Соңку күндөрү өлкө башчы Садыр Жапаров бөлмөнүн ичинде дагы көз айнек тагынып жүргөнүн көрүүгө болот.