• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

Президент Жапаров окумуштуулар менен илимпоздорду куттуктады

10 Жетинин айы 2021 15:34 Бишкек Govori.TV

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 10-ноябрда, окумуштууларды жана илимпоздорду кесиптик майрамы —  Кыргыз  Республикасынын Илим күнү менен куттуктады. Бул тууралуу өлкө башчынын басма сөз кызматы кабарлады.

Төмөндө куттуктоо сөзү:

 «Урматтуу мекендештер!

Кадырлуу окумуштуулар жана илим тармагынын кызматкерлери!

Сиздерди кесиптик майрамыңыздар — Кыргыз Республикасынын Илим күнү менен куттуктайм.

Учурда дүйнө жүзүндө силер эмгектенген маанилүү тармак ыкчамдык менен өнүгүп, ар кандай ачылыштар, жаңы-жаңы табылгалар болуп жаткандыгына баарыбыз күбөбүз.

Биз билген Сингапур, Малайзия, Япония, Корея, Түркия, Германия жана башка өнүккөн өлкөлөр жаңы ачылыштардын, заманбап ойлоп табуулардын — өркүндөгөн технологиялардын жардамы менен бүгүнкүдөй абалга жетишкендигин жалпыбыз жакшы билебиз.

Ааламдашуу шартында Кыргызстан дагы олуттуу өзгөрүүлөрдүн, жаңылануунун босогосунда турат. Заман агымына жараша элибиз да илимге терең маани бере баштаганы жакшы жышаана.

Ошол эле маалда өлкөбүздө жаш, келечектүү окумуштуулардын ар кандай себептерден улам башка тармактарга иштеп кетиши, алардын илим чөйрөсүндөгү үлүшүнүн азайышы биз үчүн коңгуроо болушу керек. Бул жаатта мындай салкын мамилеге жол берүүгө болбойт.

Мамлекет тарабынан илимий-изилдөө чөйрөсүн колдоо жана аларды ишмердикке тартуу максатында бир топ иш-чараларды жүзөгө ашыруу жана жетиштүү каржы маселесин чечүү каралып жатат. Ушул жаатта эмгектенген адамдарды шыктандырып, дем берүү биздин негизги милдетибиз.

Илимий натыйжалар өнүгүүгө жол чабарын тарых, биз жашап жаткан мезгил тастыктап олтурат. Өлкөнүн кайсы гана тармагында болбосун,  изилдөөлөр жүргүзүлүп, алар жаңыланууга, өнүгүүгө бет алган жаңы ачылыштар менен коштолмоюнча, мамлекеттин эл турмушун жакшыртууга, өнүккөн өлкөлөрдүн катарына кошулууга жасаган кадамдарынан майнап чыкпайт. Буга байланыштуу окумуштуулар жамаатынын өлкө үчүн жасай турган иштери арбын. Жалпы кыргыз коомчулугунун күткөн үмүт-тилеги дагы, койгон талабы дагы ушул.

Өлкөбүздүн илим тармагына мамлекет, жеке жак дебей, „бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгара“ биримдикте, тыгыз кызматташтыкта иш алып баруубуз абадай зарыл болуп турган учур. Мындагы ийгиликтүү долбоорлорго, жакшы саамалыктарга республикабыздагы белгилүү меценаттар жана ири компаниялар тартылып, кол кабыш кылат деген үмүттөбүз.

Илимий изилдөөлөрдү көңүл борборуна алып, аларга болгон мамилебизди өзгөртүү менен кайсы гана тармакта болбосун бурулуштарды жасай аларыбызга, анын негизинде өлкөбүздү өнүгүү жолуна саларыбызга терең ишенем.

Урматтуу илимпоздор!

Сиздерди дагы бир жолу кесиптик майрамыңыздар менен куттуктайм. Баарыңыздарга чың ден соолук, бакубат өмүр каалайм. Кыргыз элинин келечеги, анын гүлдөп-өсүшүн камсыз кылуу үчүн илим жаатында албан-албан ийгиликтерди жаратышыңыздарга тилектешмин!»

Количество просмотров: 106