• Ишенби 27 Теке 2024
  • Суббота 27 Июль 2024

Президент Жапаров Стамбулга кайсы учак менен барат?

11 Жетинин айы 2021 11:31 Бишкек Govori.TV

Президент Садыр Жапаров бүгүн, Түркиянын Стамбул шаарына ТУ-154М учагы менен барат. Бул тууралуу Govori.TVга президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев билдирди.

Мааалыматка караганда, өлкө башчы Түркияга бүгүн түштө учуп кетет. Анын алкагында Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешине (ТМКК) мүчө-мамлекеттердин башчыларынын саммитинин «Жашыл технологиялар жана санариптик доордогу акылдуу шаарлар» темасындагы сегизинчи жыйынына катышат.

Эске салсак, 31-октябрда Садыр Жапаров иш сапары менен Глазго шаарына барган. Өлкө башчынын менчик учак жалдап барганы кызуу талкуу жараткан. Президенттик администрациянын маалымат кызматы Жапаровду ташыган №1 борт (Ту-154) Евробиримдиктин жана Улуу Британиянын техникалык нормаларына дал келбегендиктен, кыргыз тарапка мындай самолёт менен келүү мүмкүн эместигин кабарлаганын айткан.

Количество просмотров: 343