• Бейшемби 4 Кулжа 2026
  • Четверг 4 Июнь 2026

Президент Жапаров Өзбекстанга учуп кетти. Аны коштоп кеткендердин тизмеси

14 Аяк оона 202217:46 Бишкек Govori.TV

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 14-сентябрда, ШКУга мүчө мамлекеттердин башчыларынын саммитине катышуу үчүн Өзбекстандын Самарканд шаарына учуп кетти. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, саммиттин алкагында Жапаров жогорку деңгээлдеги бир катар эки тараптуу жолугушууларды өткөрөт.

Президентти коштоп кеткендер:

тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев;

президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев;

Кыргызстандын Өзбекстандагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Муса Жаманбаев;

транспорт жана коммуникация министри Эркинбек Осоев;

экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев.

Белгилей кетсек, ШКУнун саммити 14-16-сентябрда Өзбекстандын төрагалыгы алдында болот.

Количество просмотров: 1481