• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Президент Жапаровду Түркмөнстанга кимдер коштоп кетти?

27 Кулжа 2021 14:36 Бишкек Govori.TV

 Президент Садыр Жапаров бүгүн, 27-июнда, Ашхабад шаарына (Түркмөнстан) эки күндүк расмий иш сапары менен жөнөп кетти.

Президенттин басма сөз кызматынан билдиришкендей, мамлекет башчысын төмөнкүлөр коштоп кетти:

— тышкы иштер министри Руслан Казакбаев;

— Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары — экономика жана каржы министри Акылбек Жапаров;

— Президенттин Администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Дастан Дюшекеев;

— Кыргыз Республикасынын Түркмөнстандагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Талант Султанов;

— транспорт жана коммуникациялар министри Гүлмира Абдралиева;

— өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев;

— маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Кайрат Иманалиев;

— энергетика жана өнөр жай министринин орун басары Таалайбек Ибраев.

Количество просмотров: 306