• Шейшемби 16 Чын куран 2024
  • Вторник 16 Апрель 2024

Президент ЖККУнун Жамааттык коопсуздук кеңешинин кезексиз жыйынына катышты

14 Аяк оона 2022 9:13 Бишкек Govori.TV

Президент Садыр Жапаров 13-сентябрда, армян тараптын демилгеси менен өткөн Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун (ЖККУ) Жамааттык коопсуздук кеңешинин видеоконференция форматындагы кезексиз сессиясына катышты.

Президенттин маалымат кызматы билдиргендей, кезексиз сессия армян-азербайжан чек арасындагы кырдаалга арналды.

Мамлекет башчысы Кыргызстан ал үчүн эки дос мамлекеттин чек арасындагы кырдаалдын курчушуна абдан тынчсызданып жатканын белгиледи.

Президент Садыр Жапаров кырдаалды саясий-дипломатиялык жол менен гана жөнгө салуу зарылдыгын баса белгилеп, эки тарап мындан ары да күч колдонуудан алыс болуп, өз ара бардык пикир келишпестиктерди Армения менен Азербайжан ортосундагы ишенимди чыңдоо чараларынын негизинде тынчтык жолу менен чечет деген ишенимин билдирди.

Количество просмотров: 94