Кыргызстан социал-демократиялык партиясы (КСДП) Бишкек шаарында бүгүн, коррупцияга каршы өткөргөн митинги, эки саатка созулуп соңунда резолюция кабыл алынды. Аны партиянын саясий кеңешинин төрайымы Асел Кодуранова окуп берди:
«Эгерде жакынкы айларда өлкө президенти жана анын айланаcындагылар Кыргызстандын элинин жана кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн тагдыры үчүн коркунучтуу саясий оюндарды токтотпосо, биз Сооронбай Жээнбековду мөөнөтүнөн мурда отставкага кетирүү жана мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо өткөрүү жөнүндө маселе коюуга аргасыз болобуз».
Митингге экс-президент Алмазбек Атамбаев да катышып, бийликтин дарегине сын айтты.