• Жума 3 Бугу 2024
  • Пятница 3 Май 2024

Президентти сындап жүргөн Иманалиев кызматка келишинин себебин айтты

27 Бирдин айы 2023 12:31 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 27-февралда Жогорку Кеңештеги социалдык саясат боюнча комитетинин жыйында билим берүү жана илим министрлиги кызматына Каныбек Иманалиевдин талапкерлиги каралып, колдоо тапты.

Жыйында депутат Элмурза Сатыбалдиев «президент Садыр Жапаровдун командасына өз ыктыярыңыз менен кошулуп калдыңызбы?» деген суроо узатты.

Каныбек Иманалиев сын-пикирди аттап өтүп, мамлекеттик кызыкчылыкты биринчи орунга койдук деген жооп кайтарды.

«Саясат бул конкуренция.  Великобританиянын мурунку премьер-министри парламентте лидер болуп жүрүп демилге кылган. Великобританияда падышачылык институтту жок кылыш керек деп. Тагдыр ушундай болду падыша өзү келип, сен премьер-министр бол, Министрлер кабинетин оңдоп-түзө деди. Азыр Америкада шайлоо болуп жатат. Демократтардан экөө чыгат. Кимиси утса утулганы ошону колдойт. Мен шайлоодо оппонент болгонум бир гана максатта болчу. Силерди, парламентаризмди коргоо үчүн болгом. Бирок силердин убалыңарга мурунку Жогорку Кеңеш калды, канатыңарды кыркып салды. Элдин чечимин сыйлаш керек. Эл президенттик-парламенттик жолду тандады. Биз кыргыздын жигиттери Садыр Нуркожоевичке рахмат, жеке бири-бирибизге болгон сын-пикирди аттап өтүп, биз мамлекеттик кызыкчылыкты биринчи орунга койдук»,-деди ал.

Количество просмотров: 461