• Бейшемби 4 Кулжа 2026
  • Четверг 4 Июнь 2026

№145 автобус менен №192 маршрутканын кыймылы өзгөрдү

12 Жалган куран 2024 12:20 Бишкек Govori.TV

Бишкек шаарында №145 автобустун жана №192 маршрутканын кыймылынын айрым бөлүгү өзгөрдү.

Мындан ары, №145 автобус Ахунбаев көчөсү аркылуу Молдокулов көчөсүнө бурулуп, Куланак көчөсүнө чейин барат. Ал эми №192 маршрутканын кыймылы Ибраимов көчөсүнөн (шаарды айланып өткөн чоң жол) “Бишкек автобекетине” чейин узарды.

Белгилей кетсек, мындай чечим шаар тургундарынын кайрылууларынын негизинде кабыл алынды.

Количество просмотров: 300