Бишкек.26.12.17.Govori.TV
Кыргыз бийлиги Чүйгө Тажикстандан келген этникалык кыргыздар сабалган видеонун интернетке чыгарылышын чагым деп атады деп жазат Азаттык.
Президенттик аппараттын Этностук, диний саясат жана жарандык коом менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнүн башчысы Мира Карыбаева видео боюнча Коргоо кеңеши жана милиция менен байланышып, тактоо жүргүзүлгөнүн айтып, эски окуяны кайра жайылткандардын кадамын жагдайды чыңалтуучу аракет катары сыпаттады.
Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынын маалыматы боюнча, окуя 2016-жылдын февралында Чүйдүн Панфилов айылында болгон.
25-декабрда социалдык тармактарга жайылган видеодо топтолушкан беш-алты жигит эки уланды ортого алып, бети-башка койгулап жатышат. Расмий маалыматка ылайык, токмок жегендер Тажикстандын Жерге-Тал аймагынан Кыргызстанга көчүп келип, Чүй облусунда отурукташкан этникалык кыргыздардын балдары. Ошол жылы милицияга арыз жазылып, тараптар элдешкенден кийин арызды кайра алышкан. Кылмыш иши ачылган эмес.
Мамлекеттик миграция кызматынан Кайрылмандар менен иштөө бөлүмүнөн алынган маалыматка ылайык, Кыргызстанга 1991-жылдан бери Тажикстандан 17 минден ашуун этникалык кыргыздар көчүп келишкен.
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин изилдөөсүнө караганда, Кыргызстанда жогорудагы сыяктуу жаңжал чыгып кетиши ыктымал деген 15 район, беш шаар аныкталган. Ал жерлерге коомдук кабылдамалар ачылып, келишимдик негизде адистер иштешет. Жаатташкан жаңжалдар 2013-жылы 39 ирет болсо, быйыл тогузу катталган.