БШК президенттик шайлоого көз салуу үчүн 43 чет элдик байкоочуну каттады. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, жети өлкөнүн жана алты эл аралык уюмдун эксперттерине аккредитация берилген.
«Азербайжан БШКсынан бир, Молдова БШКсынан эки, КМШ Миссиясынан төрт эксперт бар. Калган 34 киши КМШнын Парламенттер аралык ассамблеясынын өкүлдөрү»,-деп айтылат маалыматта.
Белгилей кетсек, өлкөдө мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо 10-январда өтөт.