• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Президенттик шайлоо: Турдумалиев документтерин артка кайтарып алды

1 Бештин айы 2020 14:24 Бишкек Govori.TV

Президенттикке талапкер болууга арызын берген Сазыкбай Турдумалиев документтерин артка катарып алды. Бул тууралуу БШК маалыматтык бөлүмү кабарлайт.

Маалыматка ылайык, 2020-жылдын 1-декабрында КР жараны, «Улутман» республикалык саясый партиясынан КР Президентинин кызматына талапкер катары көрсөтүлгөн Сазыкбай Абдрахманович Турдумалиев КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына кайрылып, 2021-жылдын 10-январына дайындалган КР Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоого катышуу үчүн берилген документтерин чакыртып алуу боюнча арыз берди.

Белгилей кетсек, мөөнөтүнөн эрте өтө турган Президенттик шайлоо 2021-жылдын 10-январына белгиленген.

Количество просмотров: 55