• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Президенттик шайлоо жана референдум: Автоматтык эсептеги добуштардын 98% саналып бүттү

11 Үчтүн айы 2021 14:17 Бишкек Govori.TV

Соңку расмий маалыматтарга караганда, 10-январда 17 талапкер катышкан президенттик шайлоодо Садыр Жапаровду шайлоочулардын 79,19% колдоду. Ага 1 116 028 добуш берди.

Экинчи орунда — Адахан Мадумаров. Ага 94 278 добуш берген, бул сан шайлоочулардын 6,69% түзөт.

Андан кийинки орунда Бабыржан Төлбаев. Аны 33 630 жаран колдоп, жалпы добуштардын 2,39% алды.

Мындай жыйынтык 11-январь, саат 7:00гө карата электрондук үкөктөрдүн автоматтык эсебине ылайык чыгарылды. Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова бул акыркы жыйынтык эмес экенин, бюллетендерди кол менен саноо жараяны жүрүп жатканын, аймактык шайлоо комиссияларында иш улантылып жатканын, натыйжасы 19 күндүн ичинде чыгарыларын билдирди.

Президенттик шайлоодо добуш берүүгө акылуу кыргызстандыктардын саны 3 563 574 деп айтылган. Алардын 1 409 422си шайлоого катышты. Бул 39,75% түзөт.

Бюллетендердин 1 397 725и жарактуу (99,17%), 11 697си жараксыз деп табылды.

Ал эми Кыргызстандын мамлекеттик башкаруу формасын аныктоо боюнча Референдумдагы добуштардын жыйынтыгы төмөнкүчө:

Президенттик респубилка үчүн — 1 147 462 добуш (80,97%);

Парламенттик республика үчүн — 155 185 добуш (10,95%);

Эки вариантка тең каршы 63 114 (4,45%).

Количество просмотров: 137