Президенттик шайлоого талапкерлерден арыздарды кабыл алуу мөөнөтү эртең аяктайт
13 Жетинин айы 2020 13:38 Бишкек Govori.TV
Президенттик шайлоого талапкерлерден арыздарды кабыл алуу мөөнөтү эртең, 14-ноябрда саат 23:59да аяктайт.
Бүгүн, 13-ноябрга карата Борбордук шайлоо комиссиясына 24 адам президенттикке талапкерлигин көрсөтүп, арыз менен кайрылды.
Алар:
- Абдыкаар Сыдыков — пенсионер;
- Адахан Мадумаров — «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын лидери;
- Азамат Эсенбеков — Москва районунун мурдагы акими;
- Аймен Касенов — РКӨФ башкармасынын мурдагы мүчөсү ;
- Арстан Алай — активист;
- Мыктыбек Арстанбек – “Халал” индустриясын өнүктүрүү борборунун жетекчиси;
- Бектур Асанов — Жалал-Абад облусунун мурдагы башчысы;
- Жеңишбек Байгуттиев — «Толубай» АКБ ЖАКсынын директорлор кеңешинин кеңешчиси;
- Канат Исаев — ЖКнын мурдагы төрагасы;
- Клара Сооронкулова — Конституциялык палатанын мурдагы судьясы;
- Кубан Чороев — экономист;
- Кубанычбек Кадыров — ИИМ башчысынын мурдагы орун басары;
- Назарбек Нышанов — активист;
- Нурлан Мотуев — активист;
- Рашид Тагаев — «Ошгаз» филиалынын мурдагы директору;
- Сазыкбай Турдумалиев — «Улутман» партиясынын төрагасы;
- Токтайым Уметалиев – Ай-Данек” гезитинин редактору;
- Элеонора Турдубекова – Ч. Базарбаев атындагы хореографиялык окуу жайынын интернатынын башчысы;
- Садык Шер-Нияз – Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты;
- Урустам Кабылбеков – Г. Мерцбахер атындагы мөңгүлөрдү сактоо боюнча коомдук экологиялык фонддун президенти;
- Ильгиз Товкеев – учурда убактылуу иштебейт;
- Бактыбек Калмаматов – Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты;
- Жамбылбек Камчиев – куудул.
- Арсланбек Малиев – Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты.
Белгилей кетсек, мөөнөтүнөн мурда өтүүчү президенттик шайлоо 2021-жылдын 10-январына белгиленген.
Подписаться:
Количество просмотров: 221