• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Президенттин аппарат башчысы болчу эки адам

6 Жалган куран 2018 10:20 Бишкек Govori.TV
Бишкек.06.03.2018.Govori.TV
Президентин аппарат башчысы Фарид Ниязовдун акыры кызматтан кетүүсү жаңы аппарат башчысы ким болот деген түкшүмөлдөрдү кайра жарата баштады.
Буга чейин бир катар маалымат каражаттары президент Сооронбай Жээнбековдун сырын билген, жакын адамы катары аппарат башчысынын орун басары кызматын аркалаган Мухаметкалый Абулгазиевди атап келишсе, Акүйдөгү ишенимдүү булактар Абулгазиевдин талапкерлиги жалгыз эмес экенин билдирди.
Ишенимдүү булактын билдиришинче учурда аппарат башчы кызматына эң жакын Президенттик аппараттын мамлекеттик, аймактык башкаруу жана кадр саясаты бөлүмүнүн башчысы Турдуназир Бекбоев экенин билдирди.
Фарид Ниязов кызматтан кетүү тууралуу өткөн жумада арыз жазып, бирок президент арызын кабыл албай бир жума «эс ал» деген. Бүгүн, 6-мартта Фарид Ниязов биротоло кызматтан кетип, себебин КСДПнын иштери менен алек болору менен түшүндүрдү.

 

Количество просмотров: 38