• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

Президенттин басма сөз катчысы шылуундар тууралуу эскертти

19 Жалган куран 2024 9:29 Бишкек Govori.TV

Учурда ар кыл көз боемочулардын мыйзамсыз аракеттери күч алууда. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов билдирди.

«Алар ар кандай шылтоолор менен мамлекеттик органдардын иш-чараларына телефон аркылуу чакырып, акча чогултуп жатканын айрым маданият кызматкерли маалымдашты. Президенттин Администрациясы же мамлекеттик органдардын атынан кимдир бирөөлөр иш-чарага чакырып, анан ал үчүн акча сураса – бул алдамчылар деп билиңиздер. Мамлекеттик кызматкерлер президенттин атынанбы, министрлер кабинетинин төрагасынын атынанбы, же башка кызматтык адамдардын атынан болобу майрамдык иш-чараларга чакырып, сыйлык, наамдарды тапшырууда эч убакта акча чогултпайт. Эгер сиз менен бейтааныш адамдар байланышып, мамлекеттик кызматкерлерге ыраазычылык катары каражат чогултуу маселесин көтөрсө, ошол замат тийиштүү укук коргоо органдарына кайрылыңыздар»,-деди ал.

Алагөзов телефон аркылуубу же соцтармак аркылуубу ар кандай мыйзамсыз аракеттерге барган алдамчылар, көз боемочулар үчүн мыйзам чегинде тийиштүү жоопкерчилик каралганын кошумчалады.

Количество просмотров: 40