• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Президенттин басма сөз катчысы: Инандынын уурдалышына бийликтин тиешеси жок

7 Теке 2021 17:36 Бишкек Govori.TV

Президент Садыр Жапаровдун басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев “Орхан Инандынын уурдалышына бийликтин катыштыгы бар» деген божомол сөздөрдү четке какты.

Султанбаев билдиргендей, Орхан Инандынын жоголгону белгилүү болгон алгачкы күндөн тарта президент Садыр Жапаров укук коргоо органдарына ыкчам-издөө иш-чараларын жүргүзүп, чек ара көзөмөлүн күчөтүүнү жана Орхан Инандыны издөөгө кошумча күчтөрдү тартууну тапшырган.

“Буга чейин Орхан Инандыны үч жолу уурдап кетүү аракети көрүлгөнү, акыркы жолу мындай аракетти атайын кызматтын кызматкерлери токтотуп калганы белгилүү болду. Алар ага сакчылардын коштоосунда жана этият болуп жүрүүсүн эскерткен. Анын уурдалышы тууралуу маселе түрк тарапка коюлуп, кечээ Тышкы иштер министрлигинде Түркиянын элчисине нааразычылык нотасы тапшырылды. Учурда түрк тараптан расмий жооп келе элек, бирок алар Орхан Инандынын Түркия жарандыгынан чыкпаганын, түрк жараны экендигин оозеки түрдө билдиришти”,-деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, буга чейин Түркиянын бир катар массалык маалымат каражаттарына “Сапат” мектептеринин жетекчиси Орхан Инандыны Кыргызстандын атайын кызматтары кармап берди деген маалыматтар тарады. Бул боюнча ЖК депутаттары да пикирлерин билдирип, тарап жаткан маалымат тууралуу суроолорун беришкен эле.

Количество просмотров: 451