Бүгүн, 14-июлда президент Садыр Жапаровдун төрагалыгы алдында Министрлер кабинетинин жыйыны өтүп жатат. Анда 2022-жылдын биринчи жарым жылдыгында өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары жөнүндө өкмөттүн отчёту угула турганы белгилүү болду.
Жыйынга Министрлер кабинетинин мүчөлөрү, Президенттин администрациясынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилери, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлери, Президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, мамлекеттик органдардын жетекчилери катышып жатат.