Бүгүн, Бишкек шаарындагы «Ысык-Көл» мейманканасынын алдында мамлекет башчы Сооронбай Жээнбековдун отставкасын талап кылгандар чогулду.
Алар президент Сооронбай Жээнбеков менен премьер-министр Садыр Жапаровдун сүйлөшүүсү соңуна чыкмайынча ошол жерде болушарын айтып жатышат.
Чогулгандардын алдына Жогорку Кеңештин депутаты Талант Мамытов келип сөз сүйлөдү.
Анын айтымында, учурда «Ала-Арча» резиденциясында өлкө башчы Жээнбеков менен Садыр Жапаровдун ортосунда сүйлөшүү жүрүп жатат.
«Мен азыр Садыр Жапаровдун жанынан келдим. Ал күтүп турууну суранды. Садыр Нургожоевич жыйынтыгы тууралуу бизге айтат. Күтө туралы», — деди Мамытов.