• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Президенттин стипендиясы үчүн студенттерге сынак жарыяланат

2 Тогуздун айы 2020 17:36 Бишкек Govori.TV

Жогорку окуу жайлардын студенттери арасында президенттин стипендиясы үчүн ачык сынак жарыяланат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, сынак Кыргыз Республикасынын Президентинин 2017-жылдын 27-июнундагы №124 «Кыргызстандын жогорку окуу жайларындагы окутуунун күндүзгү формасынын студенттерине (курсанттарына) президенттик стипендияны ыйгаруу жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» Жарлыгына ылайык жүргүзүлөт.

Мамлекеттик жана менчик болгон бардык жогорку окуу жайларынан баалоо системасынын талаптарына толук жооп берген студенттердин (курсанттардын) тизмеси 15-октябрга чейин Билим берүү министрлигинин Кесиптик билим берүү башкармалыгына тапшырылуусу зарыл. (311 кабинет)

Белгилей кетсек, президенттик стипендия өлкөнүн жогорку окуу жайларынын мыкты студенттерине окуудагы жана коомдук иштердеги жетишкендиктери үчүн жыл сайын тапшырылып келет. 

Эскертүү: Сынакка катышууну каалаган студенттер өздөрү окуган окуу жайына кайрылып, кенен маалымат алса болот.

Количество просмотров: 170