• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Президенттин Ысык-Көлдөгү өкүлүнүн аппараты сел жүргөн Түп районуна бир күндүк маянасын которот

10 Баш оона 2023 11:48 Бишкек Govori.TV

Президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты бир күндүк айлык маянасын Түп районунун селден жабыркаган тургундарына которот. Мындай чечим 10-августта профсоюздун отурумунда кабыл алынгандыгын президенттин облустагы өкүлчүлүгүнүн маалымат кызматынан билдиришти.

Эске салсак, августтун башында Түп районунун Кең-Суу, Байзак, Талды-Суу, Кѳөчү, Корумду, Күрмѳнтү жана Балбай айылдарында сел жүрүп, айыл тургундарынын айдоо жерлерине жана жеке мүлкүнө зыян келтирилген.

Учурда куткаруучулар тарабынан селдин кесепеттерин жоюу иштери аяктап, ӨКМден жана ЖК кызматтарынан бөлүнгөн инженердик техникалары жабыркаган арык каналдарды, селден агып келген кум шагылдарды тазалоо иштери жүргүзүлүүдө.

Количество просмотров: 78