• Бейшемби 2 Бугу 2024
  • Четверг 2 Май 2024

«Принцесса Дури». Жарандарды сабап жаткан видео боюнча шектүүлөр кармалды

4 Чын куран 2023 12:46 Бишкек Govori.TV

Социалдык тармактарда белгисиз жарандарды сабап жаткан видео боюнча баңги топтун мүчөлөрү кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, 2023-жылдын 26-мартында социалдык тармактарда күрөөчүлөр делген жарандарды белгисиз адамдар сабап жаткан видео жарыяланып, коомчулукта чоң резонанс жараткан. Аталган кылмыш иши ИИМдин башчысы тарабынан көзөмөлгө алынган.

«Козголгон кылмыш ишинин алкагында ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы, Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук ИИБдин тергөө кызматы менен биргеликте өздөрүн милиция кызматкерлерибиз деп тааныштырып, күрөөчүлөрдү ээн жерлерге алып барып, сабап, “Принцесса Дури” аталышындагы интернет-дүкөнүнөн уурдалган баңгизаты үчүн кечирим суроого мажбурлашкандарга карата ыкчам–иликтөө иш-чараларынын жүргүзүшкөн. Бул көрүнүштү шектүүлөр камерага тартып, кураторлоруна жөнөтүшкөн.

3-апрель күнү Атайын операциялар отрядынын колдоосу менен 2001-жылы туулган А.у.Г., 2000-жылы туулган К.Т. жана 2004-жылы туулган К. А. кармалган», — деп айтылат маалыматта.

Кошумчалангандай, шектүүлөрдүн жашаган жерлеринде ыкчам иликтөө иш-чаралары жана тинтүү иштери жүргүзүлүп, буюм далилдери алынган. Баңги топтун башка мүчөлөрүнүн өздүгү такталып, атайын иш-чаралар өткөрүлүүдө.

Белгилей кетсек, бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 261-беренеси (Уюшкан топту түзүү же ага катышуу) менен кылмыш иши козголгон, анда мүлкүн алып коюу менен 10 жылдан 12 жылга чейинки мөөнөткө эркинен ажыратуу каралган.

ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы топтун ишмердүүлүгүнөн жапа чеккен жарандарды Кызматтын өзүнө же сизге жакын жайгашкан милиция бөлүмүнө кайрылууга чакырат.

«Кызматтын түзүмүндө интернет мейкиндигин күнү-түнү көзөмөлдөгөн адистештирилген бөлүм бар. Өткөн жылы мыйзамсыз жүгүртүүдөн 230 кг ашык психотроптук заттар алынып, 10 жакын баңгилабораторияларынын ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлган.

Урматтуу кыргызстандыктар жана республиканын коноктору, тез акча табуу үчүн ар кандай сунуштарды кабыл албагыла! Баңги топторунун мүчөлөрү жаштарды мыйзамсыз иштерге тартуу үчүн ушундай айла-амалдарды колдонушат. Шектүү киреше табуу, сизди жана жакындарыңызды кыйратышы мүмкүн!», — деп кошумчалашты ИИМден.

Количество просмотров: 3548