• Ишенби 27 Кулжа 2026
  • Суббота 27 Июнь 2026

Профилдик комитет өкмөттүн курамын жана жаңы премьер-министрди жактырды

2 Бирдин айы 202117:33 Бишкек Govori.TV

Парламенттин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана регламент боюнча комитети 2-февралда премьер-министрлик кызматка талапкерди, жаңы өкмөттүн программасын, түзүмүн жана курамын карап жактырып, жалпы жыйынга жиберди.

Белгилүү болгондой, маселе 3-февралда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынына чыгарылат.

1-февралда Жогорку Кеңештин көпчүлүк коалициясы премьер-министрликке Улукбек Мариповдун талапкерлигин колдогон. Аны бул кызматка «Республика — Ата Журт» фракциясы сунуштады.

 Марипов өкмөттүн курамына 16 талапкерди сунуш кылды. Талапкерлердин сегизи жаңы сунушталууда, калган сегизи өкмөттүн курамында мурда иштеп келгендер.

Количество просмотров: 146