• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

Прогресивдүү медиа коомдун калыптанышы

22 Жетинин айы 2023 20:53 Бишкек Govori.TV

Ушул жылдын май айында «Чек арасыз кабарчылар» эл аралык уюму дүйнөдөгү сөз эркиндигинин рейтингин жарыялады. Анда Кыргызстан бир жыл ичинде сөз эркиндиги боюнча 72-орундан 122-орунга ылдыйлап түшкөн. 

Ошол эле учурда Кыргызстанда журналисттер, блогерлер жана активисттер суракка чакырылып жатат. Бул көрүнүштү адистер сөз эркиндигине кысым катары эсептешүүдө. 

Биз бул макалада прогресивдүү медиа коомдун калыптанышы жана коомго тийгизген таасири тууралуу сөз кылабыз. 

Мурда элдин калың катмарына жаңылыктарды жеткирүү жалпыга маалымдоо каражаттарынын колунда гана болсо, азыр жаңы технологиялардын өнүгүшү менен ар бир адам журналист болбосо дагы маалымат таркатуучу болуп калды. Ошондуктан аларды да медиа коомчулуктун бир бөлүгү катары эсептесе болот. 

Деген менен медиа эксперт Марат Токоевдин пикиринде, элдин баары эле журналисттердей маалыматтарга ээ эмес. Алар маалыматты табуу, таркатуу, элге жеткиликтүү кылып берүү жана текшерүү инстурменттерин билишпейт. 

«Эл маалымат таратканда көпчүлүк учурда такталбаган маалыматтарды таратып алып жатышат. Учурдагы маалымат айдыңында кайсы маалымат чын кайсынысы туура эмес экенин айырмалоо оор болуп калды. Экинчиден, маалыматтарды атайын бурмалоону атайын адистешкен адамдар кенен-кесир колдонуп жатышат. Акыркы айрым изилдөөлөргө караганда маалымат талаасындагы маалыматтарды текшергенде жарымынан көбү калп, жалган бурмаланган маалыматтар болуп калышы мүмкүн. Мындай абал болгондуктан ар бир адам медиа сабаттуу болуусу өтө зарыл болот. Медиасабаттуу бол деген бул — контент жаратуунун түрлөрү кандай? Маалыматтарга ишене бербей аны текшерүү жолдору баардык нерсеге эле ишене бербей сынчыл көз караш менен кароо. Ушул жагынан алганда биздин Кыргызстанда өтө кейиштүү абал. Элдин көбү эмоционалдуу маалымат келсе эле аны чындык катары кабыл алып эле ишенип таркатып жатышат. Ошондуктан биз медиасабаттуулук жагынан артта калып жатабыз», — деди Токоев.

Ал кошумчалагандай, жалпы эле коомчулук медиа сабаттуу болууга умтулуусу керек. Сапаттуу журналистика да ошого жараша өнүгөт. 

Ошондой эле сын-пикир айткан блогер, журналисттерди кысымга алуу прогресивдүү медианын калыптанышына терс таасир этет. Бул боюнча пикирин Токоев төмөндөгүдөй түшүндүрдү: 

«Азыр көпчүлүк жаштар кооптуу кесип деп бул тармакка баргысы келбей калды. Экинчиси, журналисттерде өзүн-өзү чектөө жаралат. “Айтпай эле коёюн, эртең бир нерсе болуп кетпесин” деп чектеп жатып, элге зарыл болгон маалыматтар жетпей калышы мүмкүн. Адам маалыматтын негизинде ойлонуп бир бүтүмгө келет. Эгерде алган маалыматы туура эмес болсо, бурмаланган болсо анын кадамы туура эмес болуп калышы мүмкүн». 

Ал эми фактчекер, “Чекит” медиасынын башкы редактору Асел Сооронбаеванын айтымына караганда, прогресивдүү медиа коомчулуктун калыптанышы үчүн медиасабаттуулук боюнча окутуу мектептен башталышы керек. 

«Маалыматка болгон мамиле тамакка болгондой эле мамиле. Ошол сыяктуу эле маалыматты да ылгоо керек. Мисалы тамактын мөөнөтүн, сырткы көрүнүшүн карап, баардык эле нерселерди жей бербейбиз. Маалыматты болсо медиа сабаттуулуктун деңгээли төмөн болгонуна байланыштуу ошол ылгоо жок болуп жатат. Ошондуктан жалган, манипуляциялык маалыматтарга кабылып, ал маалымат адамга зыян келтирген учурлар бар. Кыргызстанда 90 пайыз эл, жаш балдар дагы интернет колдонот. Мындан улам мектеп тактасынан баштап медиа сабаттуулук керек деп келе жатабыз. Бирок бул нерсе өлкө боюнча системдүү түрдө колго алына элек. Айрым мектептерде гана пилоттук негизде окуулар өткөрүлүп жатат»,- деди Сооронбаева.

“ПолитКлиниканын” негиздөөчүсү Дилбар Алимова коомдун калың катмарынын медиасабаттуулугун жогорулатууда прогресивдүү медиалардын салымы чоң болуп жатканын белгилейт. Ошону менен катар эле алардын да көйгөйлөрү бар.

«Прогресивдүү медиалардын катарына “Клооп”, “Фактчек”, “Баштан башта”, “Башта”, “Темиров лайв”, “Медиа Хаб”, “Марал” радиосу жана “ПолитКлиниканы” да кошсок болот. Көз карандысыз медиалар профессионалдык жактан да, техникалык базасы жактан да өнүгүп жатат. Бирок, алардын баары эл аралык уюмдардын гранттарынан көз каранды. Анткени, бизде рекламалык рынок кичинекей. Өзүн өзү каржылап кеткенге азыр толук мүмкүн эмес. Бизде маалыматты бекер алгысы келет. Акча төлөп сатып алган учурга жете элекпиз. Ошондуктан баары бир көз карандысыз иш алып барам деген медиалар гранттардан көз каранды болот. Башка сайттар, Ютуб каналдар бар. Алар кайсы бир саясатчынын кызыкчылыгында иш алып баргандар бар. Аларды салтуу журналистика дегенге болбойт. Кадр маселеси бар. Биздеги окуу жайлар эски Советтер Союзунан калган система менен окутушат. Ал жактан келген кадрларды башынан баштап окутуп, үйрөтүп чыгыш керек болот. Бул жагынан алганда “Манас” университети кадрларды талапка жакын чыгарып жатат. Кадрларды даярдагандан кийин чоң медиалардын көзү түшө баштайт. Мына ушундай көйгөй бар», — деди Алимова. 

Алимованын айтымында, депутаттар же саясатчылар айтып чыга албаган маселелерди прогресивдүү медиалар көтөрүп жатат. Алар элдин медиасабаттуулугун көтөрүү менен эле чектелбестен, коррупциялык схемаларды да ашкерелеп, ага жараша элдин ишеними да артып жатат.  

«Көз карандысыз медиалардын баары журналисттик стандарттарды сактоо менен иш алып барууда. Акыркы учурда фактчекинг, иликтөө, дата сыяктуу журналистиканын жанрлары өнүгүп жатат. Азыр журналисттер сөзсүз жаңы нерселерди үйрөнүп туруш керек. Маалыматты ачык булактар менен тактап, коррупциялык схемаларды ачып чыгып жатат. Журналисттик эрежелерди сактап, кынтыксыз маалымат бериш керек болуп жатат. Анткени ката кетирсең сотко бериши мүмкүн же троллдорунун таландысында каласың. Ошондуктан маалыматты аябай тыкыр текшерүүдөн өткөрүп чыгарыш керек. Фактчекинг жанры жаңы башталган учур менен азыркы учурду салыштырып көрсөк болот. Мурда элдин көпчүлүк бөлүгү фейк маалыматтарга ишенсе, азыр ойлонуп жыйынтык чыгарган аудитория пайда болду», — дейт Алимова.

Ал кошумчалагандай, көз карандысыз прогресивдүү медиаларга кысым болбосо коомчулуктун медиасабаттуулугун көтөрүүдө чоң салым кошот.

Эркин медиалардын зарылчылыгы

Учурда эркин прогрессивдүү медиаларга кысым күчөп, блогер, журналисттер сурака чакырылып жатат. Эркин медиаларды күнөөлөп, аларга каршы ар кандай манипуляциялык маалыматтар таркатылууда. 

Мындан улам, биз эркин медиалардын зарылчылыгы жана алардын коомдук пикирдин калыптанышына таасир эткен беш факторду белгилейбиз:

  • Ар түрдүү көз караштарды өркүндөтүү;

Прогрессивдүү, эркин медиалар мамлекеттик маалымат каражаттарында чагылдырылбаган көз караштарды камсыз кылууга умтулушат. Ар түрдүү жамааттардын тажрыйбасын чагылдыруу менен социалдык жана саясий маселелер боюнча кеңири көз карашты берет. Бул ар түрдүү көз караштардын таасири коомчулуктун түшүнүгүн жана эмпатиясын кеңейтип, акырында алардын көз карашын калыптандырат.

  • Күн тартибин белгилөө;

Прогрессивдүү маалымат каражаттары бир көз караштын алкагында маанилүү деп эсептелген маселелерди чагылдырууга артыкчылык беришет. Терең отчеттуулук жана талдоо аркылуу алар теңсиздик, рассалык адилеттүүлүк, климаттын өзгөрүшү жана укуктарды коргоо сыяктуу темаларга көңүл бурушат. Бул маселелерди ырааттуу чагылдыруу менен прогрессивдүү маалымат каражаттары коомдук талкууну калыптандырууга жана коомдук пикирге таасир этүүгө жардам берет.

  • Фактыларды текшерүү жана ачык айкындык;

Прогрессивдүү эркин медиа фактыларды текшерүүдө жана бийликтегилердин жоопкерчилигин арттырууга чечүүчү ролду ойнойт. Журналисттик иликтөө жана катаал репортаж аркылуу бул маалымат каражаттары жалган маалыматтарды ашкерелеп, туура эмес маалыматты талашып, далилдүү талдоолорду беришет. Так маалымат берүү жана коомдук ишмерлерди тыкыр иликтөө менен прогрессивдүү маалымат каражаттары ишенимдүүлүк жана ишеничтүүлүк жөнүндөгү түшүнүктөрдү калыптандыруу аркылуу коомдук пикирге таасир эте алат.

  • Коомдук пикир жаратуу;

ЖМКлар, анын ичинде эркин прогрессивдүү да, окуяларды чагылдыруу жана чечмелөө жолу менен коомдук пикирди калыптандыруу мүмкүнчүлүгүнө ээ. Каарманды тандоо менен аудитория маселелерди кандай кабыл алып, түшүнөөрүнө олуттуу таасир этиши мүмкүн. Прогрессивдүү медиа социалдык адилеттүүлүктүн ракурсунан окуяларды чагылдырып, ар түрдүү жамааттарга таасирин тийгизип, системалык өзгөрүүлөрдү талап кылат. Бул эмоционалдык жоопторду туудуруу жана эмпатияны өркүндөтүү аркылуу коомдук пикирди түзө алат. 

  • Уюштуруу;

Прогрессивдүү медиа маалымат берип гана койбостон, жалпы баалуулуктардын айланасында жамааттарды уюштурат. Алар көбүнчө массалык кыймылдарды жайылтышат. Нааразылык акцияларын жана митингдерин көрсөтүп, чара көрүү үчүн ресурстар менен камсыз кылышат. Бул аракеттер аркылуу прогрессивдүү маалымат каражаттары жеке адамдарды социалдык жана саясий өзгөрүүлөргө катышууга шыктандырат.

  • Жыйынтык.

Прогрессивдүү ЖМК ар түрдүү көз караштарды кеңейтүү, күн тартибин түзүү, фактыларды текшерүү жана бийликти жоопкерчиликке үндөөгө, окуяларды түзүү жана чечмелөө коомдук пикирге таасир этет. Үстөмдүк кылуучу пикирлерге каршы чыгуу жана альтернативалуу көз караштарды берүү менен прогрессивдүү медиа коомдук пикирди калыптандырууда социалдык жана саясий өнүгүүнү кубаттоодо чечүүчү ролду ойнойт.

Автор: Айжамал Түгөлбай кызы.

Бул макаланы Кыргыз Республикасындагы Интерньюс уюмунун “Медиа-К” долбоорунун алкагындагы «Медиасын» жанрын өнүктүрүү боюнча программанын катышуучусу даярдаган.

Количество просмотров: 160