• Шаршемби 22 Теке 2026
  • Среда 22 Июль 2026

 «Промзона» түнкү клубунда тинтүү жүрүп, баңгизат табылды (видео)

11 Жалган куран 202417:31 Бишкек Govori.TV

 Бишкектеги «Промзона» түнкү клубунда тинтүү жүрүп, баңгизат табылды. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынын маалымат кызматы кабарлады.

Милицияга А. аттуу киши белгисиз адамдар менен бирге Бишкектин жана Чүй облусунун аймагында баңгизатты мыйзамсыз жүгүртүү менен алектенип жатканы тууралуу маалымат түшкөн. Натыйжада 38 жаштагы Ч.А. аттуу жаран кармалып, анын үйүнөн баңгизат табылган.

«Бул иштин алкагында «Промзона» түнкү клубунун айрым кызматкерлери баңгизатын сатуу менен алектенгендиги тууралуу маалымат түшкөн. Милиция тинтүү иштерин жүргүзүп, жыйынтыгында 31 жаштагы жарандан ири өлчөмдөгү нашаа табылган. Мындан тышкары 2000-жылы туулган жарандын автоунаасынан медефрон заты алынган»,-деп жазылат маалыматта.

Экөө тең убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Количество просмотров: 151