• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Психикалык жактан оорулуу адамга айдоочулук күбөлүк берилген. Ноокатта ымыкайдын жансыз денеси табылды. Соңку жаңылыктар 05. 04.18

5 Чын куран 2018 15:02 Бишкек Govori.TV
Бишкек.05.04.2018.Govori.TV
 Психикалык жактан оорулуу адамга айдоочулук күбөлүк берилди
Автотранспортторду каттоо жана айдоочулук күбөлүк берүү департаментинин Кызыл-Кыя шаардык башкармалыгынын кызматкерлери психикалык жактан оорулуу адамга мыйзамсыз айдоочулук күбөлүк берип жибергени аныкталды. Бул тууралуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызматынан кабарлашты. 2016-жылы документ алган М.Н. аттуу жаран 2013-жылдан бери Кызыл-Кыя шаардык үй-бүлөлүк медициналык борборунун психикалык кабинетинде “кем акылдык” (приобретенное слабоумие) менен каттоодо турган. Ага карабай 2015-жылы нарколог-дарыгеринин тастыктамасы берилип, “Д” автомектебинин күбөлүгүнүн негизинде автотранспортторду каттоо кызматкерлеринин айдоочулук күбөлүк берип коюшкан. Факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 350-беренесинин («Документтерди жасалмалоо») жана 315-беренесинин (“Кызматтык жасалмалоо”) негизинде кылмыш иши козголду. Тергөө иштери уланууда. 
Арча-Бешикте мыкаачылык менен өлтүрүлгөн аялдын денеси табылды 
Бүгүн 5-апрелде Бишкектеги Арча-Бешик жаңы конушундагы үйлөрдүн биринен отуз жаштагы аялдын сөөгү табылган. Бул туурасында Бишкек ШИИБдин маалымат катчысы Адыл Оморов Govori.TV сайтына билдирди.«Түнкү саат 03:00төр чамасында 102 кызматына билдирүү  келип түшкөн. Анда Арча-Бешик жаңы конушундагы үйлөрдүн биринен  30 жаштагы келиндин мыкаачылык менен өлтүрүлгөн денеси табылган. Учурда өлүмдүн себеби такталып жатат. Сөөк  өлүкканага экспертиза үчүн жөнөтүлдү» -дейт Оморов.Мындан сырткары  аял Арча-Бешиктин тургуну  экени аныкталган. Бул боюнча милиция  тактоо иштерин жүргузүп шектүү адам изделүүдө. 
Ноокатта жаңы төрөлгөн ымыркайдын денеси табылды 
Ноокат районунда жаңы төрөлгөн ымыркай кыздын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу Ош ОИИБинин басма сөз кызматы билдирди.Маалыматка ылайык, ымыркай кыздын жансыз денеси кечээ, 4-апрель күнү саат 07:30дар чамасында табылган. Аны көчөдөн жергиликтүү тургундар таап алышкан. Учурда жансыз дене экспертизага берилип, энеси изделүүдө.

 

Количество просмотров: 19