• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Путин каршы эмес… Садыр Жапаров темир жолдун курулушу тууралуу пикирин айтты

30 Бугу 2022 15:30 Бишкек Govori.TV

Садыр Жапаров Өзбекстан-Кыргызстан-Кытай темир жолунун курулушу качан башталарын жана эмне үчүн 20 жылдан бери маселе чечилбей жатканын айтты.

Президентке маек учурунда, «Кытай – Кыргызстан — Өзбекстан темир жолун куруу маселеси 20 жылдан бери көтөрүлүп келе жатат. Бирок жымсалдабай айтсак, Россия тарап бул жолдун курулушуна каршы экендигин эксперттер билдирип келишет. Эгер чын эле Россия тарап каршы болсо эмне үчүн каршы? Бул жол аларга зыян алып келеби?» деген суроо узатылды.

«Ооба, чындап эле бул темир жолду курабыз дегенге 20 жыл болду. Бирок такыр эле башталбай келген. Кыргызда «Саптай албай ийнеден көрөт» деген жакшы сөз бар. Буга чейин эч ким Россия тарапка бул жол бизге аба менен суудай керек экендигин түшүндүрө алышкан эмес. Кечээ жакында ЖККУнун саммитине барганда Владимир Владимирович менен жарым саат ушул темада сүйлөштүм. Акырында ал киши бул темир жол бизге аба менен суудай керек экендигин түшүнүп, эч каршылыгыбыз жок, силерге керек болуп атса сала бергиле деген позициясын билдирди. Кудай буюрса, быйыл долбоору бүтсө эмдиги жылы баштайбыз. Долбоор үч тараптын катышуусу менен даярдалып жатат. Бул жол салынса, биз «тупиковый» мамлекеттен чыгып, транзиттик мамлекетке айланабыз. Жумуш орундары болот. Экономикабыз дүркүрөп өсөт. Кечээ эле тышкы карыздарыбызды кантип жабабыз деп жаткан санаабыздан арыла турган “Кумтөрдөн” кийинки дагы бир финансылык булагыбыз пайда болот. Демек, эч кам санабагыла. Алдыга кетип бара жаткан жолубуз түз. Келечегибиз кең. Тынчтык болуп турса, баары жакшы болот», — деп жооп берди Садыр Жапаров.

Количество просмотров: 364