• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Путин менен Меркель Берлинде жолугушат

17 Баш оона 201823:38 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 17.08.2018. Govori.TV

Германия канцлери Ангела Меркель менен Орусия президенти Владимир Путин 18-август күнү жолугушат. Бул тууралуу Орусия президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков билдирди.
Анын айтымында, жолугушуу Германиянын Берлин шаарында өтөт. Анда Украина, Сирия маселелери жана АКШнын экономикалык басымдары талкууланат. Жолугушуунун алдында лидерлер журналисттер үчүн маалымат жыйын уюштурат.
Песков Берлинге чейин Путин жеке визити менен Австрияга бараарын кошумчалады.

Ал эми Германия канцлери жалпы көйгөйлөр жана экономикалык мамилелер Орусия менен такай диалог түзүүнү актап жатканын билдирди.

Анын айтымында, Берлин Москва менен жакшы мамилени сактап калууну каалайт. Жолугушуу ушул мамилени оңдоого арналат.

Ал Германия, Франция, Түркия жана Орусия лидерлеринин ортосунда жолугушуу пландалып жатканын кошумчалады.

Количество просмотров: 61