Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков 28-сентябрда, Сочи шаарында Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путин менен жолугушкан.
Учурда социалдык тармакта ал жолугушуудагы видео тарап, анда Россиянын лидери Путин Жээнбековдун атын алмаштырып айтып алганы айтылууда.
Жолугушууда эки тараптуу стратегиялык өнөктөштүктү жана союздаштыкты мындан ары өнүктүрүү маселелери, анын ичинде соода-экономикалык, маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө кызматташуу, ошондой эле ЕАЭБдин алкагында интеграцияны тереңдетүүнүн келечеги талкууланды.
Россия Президенти Владимир Путин Россия Федерациясы ар бир көз карандысыз өлкөнүн эгемендүүлүгүн урматтаарын жана Кыргызстан менен союздаш жана стратегиялык өнөктөштүк мамилелерди улантаарын баса белгиледи.
Владимир Путин ошондой эле Кыргызстанды өнүктүрүүгө багытталган иш-чараларда мындан аркы ийгиликтерди каалады. Россия тарап Кыргызстанда туруктуулуктун болушуна, ошону менен катар шайлоодон кийинки мезгилде да туруктуулукка кызыкдар экендигин өзгөчө баса белгиледи.