• Жума 17 Теке 2026
  • Пятница 17 Июль 2026

Рахима Айкымбаеванын күйөөсү 15 жылга кесилди

24 Тогуздун айы 202412:59 Бишкек Govori.TV

Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту 34 жаштагы Рахима Айкымбаеванын өлүмүнө байланыштуу ишти карап, өкүм чыгарды.

Соттун чечими менен, маркумдун күйөөсү Каныбек Байсалов Кылмыш жаза кодексинин «Өзгөчө мыкаачылык менен адам өлтүрүү» беренесинде көрсөтүлгөн кылмышты жасоодо күнөөлүү деп табылды. Сот анын мүлкүн конфикациялоо менен 15 жылга эркиндигинен ажыратып, жазасын жалпы тартиптеги түзөтүү абактарында өтөөнү белгилеген.

Ошондой эле жабырлануучунун мыйзамдуу өкүлүнүн арызы жарым-жартылай канааттандырылып, айыпталуучуга 300 миң сом моралдык зыян төлөө милденттерилди.

Үч баланын энеси Рахима Айкымбаева быйыл 4-апрелге караган түнү өзү жашаган үйүндө, 27 жолу ычак жеп, мыкаачылык менен өлтүрүлгөн. Кылмышка шек саналып анын 33 жаштагы күйөөсү кармалган.

Количество просмотров: 129