• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Раим Матраимов: Кача турган жигит эмесмин

18 Кулжа 2018 13:01 Бишкек Govori.TV
Бишкек.18.06.2018. Govori.TV.
Бажы кызматынын мурдагы төрага орун басары Раим Матраимов Суусамырда боз үй тиктирип алып, кымыз ичип жатыптыр. Бул тууралуу ишенимдүү булактар кабарлады.
Маaлыматка караганда, Раим Матраимов Суусамырга барганына 4 күн болгон. Дагы 5-6 күндөн кийин Бишкекке кайтып келе турганын айткан ал.
Мындан соң биздин кабарчы да аны менен байланышка чыгып, сүйлөштү.
Анда ал эч жакка качпаганын, жакынкы күндөрү борборго кайтып келе турганын айтты.
“Мен кайда качат элем. Кача турган жигит эмесмин. Суусамырда ак ичип, эс алып жатам. Ишенбесеңер келип, конок болуп кетсеңер болот”, — дейт Раим Матраимов.
Белгилей кетсек, айрым маалымат булактары укук коргоо органдарынын маалыматына таянып, Матраимов жакынкы күндөрү кармалып, камакка алына турганын жазып чыгышты. Бүгүн “Вести.кж” булагы саясий талдоочу Дмитрий Орловго шилтеме берип,  Раим Матраимовдун өлкөдөн сыртка чыгып кеткенин жазды.
Количество просмотров: 39