• Жума 10 Бугу 2024
  • Пятница 10 Май 2024

«Раим Миллион» бажынын азыркы төрагасы жана ЕЭК министри менен жаратылыш койнунда (сүрөт)

9 Тогуздун айы 2019 12:10 Бишкек Govori.TV

Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун дагы бир сүрөтү эл оозуна алынды. «Д№…» редакциясы жарыялаган сүрөттө бир топ адамдар жаратылыш койнунда турганын көрүүгө болот.

Анда «Раим Миллион» бажы кызматташуусу боюнча Евразиялык экономикалык комиссиянын министри Нурлан Акматовду кучактап турганын көрүүгө болот.

Ал эми Матраимовдун сол тарабындагы экинчи адам Мамлекеттик бажы кызматынын азыркы төрагасы Алтынбек Торутаев экенин баамдаса болот.

Бирок, жогорудагы сүрөт Матраимов кызматтан кеткенге чейин же кийин тартылганы белгисиз.

Количество просмотров: 668