Мурунку президент Алмазбек Атамбаевдин аялы Раиса Атамбаева ачык кайрылуу жасады. Анын кайрылуусун Атамбаевдин уулу Сеид Атамбаев өзүнүн фейсбуктагы баракчасына жайгаштырган.
Кайрылууда Раиса Атамбаева туулган күнү экенин жазып жана бул күндү Алмазбек Атамбаевсиз өткөрүп жатканын жазган.
«Урматтуу кыргызстандыктар! Колдоо көрсөтүп жатканыңыздарга ыраазычылык билдирем. Эртең менентен бери жүздөгөн адамдар чалып куттуктап жатышат, алардын арасында башка өлкөлөрдүн лидерлери жана үй бүлө мүчөлөрү бар. Алардын алдында 30 жылдан бери жалаң гана жакшылык кылып, жакын адамыбыз катары көргөн Сооронбай Жээнбеков үчүн мен ыңгайсыз абалдамын.
Мурун элден биринчи чалып куттуктап жүргөн Сооронбай Жээнбеков, бүгүн менин туулган күнүмдө сотторду өкүм чыратты.
Биздин мурунку досубуз Сооронбай Жээнбеков сизди дагы жолу көрүп, көзүңүзгө карап ушундай «белек» үчүн ыраазычылык билдиргим келет», — деп жазган ал.
Эске салсак, бүгүн Бишкектин Биринчи май райондук соту абактан мыйзамсыз бошотулган кримтөбөл Азиз Батукаевдин иши боюнча өкүм чыгарды. Ага ылайык мурунку президент Алмазбек Атамбаев 11 жыл 2 айга эркинен ажыратылып, мүлкү конфискациялоо менен мамлекеттик сыйлыктарынан ажыратылды.