• Шейшемби 23 Чын куран 2024
  • Вторник 23 Апрель 2024

Райым Матраимов Биринчи май райондук сотуна жеткирилди

20 Тогуздун айы 2020 21:26 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 20-октябрда Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары  Райымбек Матраимов Бишкектеги Биринчи май райондук сотуна жеткирилди.

Маалыматка караганда сот анын бөгөт чарасын карайт. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет мурда кабарлагандай, сотто Матраимовдун тергөө менен кызматташтыкка барганы жана келтирилген чыгымдын бөлүгүн төлөгөнү эске алынат.

Буга чейин Матраимов мамлекеттик бюджетке келтирген эки млрд. сомдук чыгымды төлөөгө даяр экенин, анын 80 млн. сому 20-октябрь күнү УКМКнын эсебине келип түшкөнүн маалымдаган.

Белгилей кетсек, бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы тарабынан бүгүн, 20-октябрда кармалды.

Ага 2016-жылдан бери бажы тармагында коррупциялык схема уюштурган деген айып тагылууда.

Количество просмотров: 224