• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Райымбек Матраимов 1 айга камалды

27 Жалган куран 2024 17:12 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 27-мартта Биринчи май райондук соту бажы кызматынын төрагасынын экс-орун басары Райымбек Матраимовду 1 айга камакка алуу чечимин чыгарды.

Соттун чечимине ылайык, Матраимов 26-апрелге чейин абакта болот.

Ал кечээ, 26-мартта Азербайжандан кармалып Бишкекке жеткирилген болчу.

УКМКнын басма сөз кызматы тараткан маалыматка ылайык, 25-мартында Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети тиешелүү атайын кызматтар менен биргеликте Азербайжан Республикасынын аймагында Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Матраимов Райымбекти кармады. Ал эл аралык издөөдө жүрүп, Кыргыз Республикасынын аймагына алынып келинген.

Ошондой эле, аны менен бирге Р.Матраимовдун бир туугандары Тилек Матраимов, Руслан Матраимов, Исламбек Матраимовдор кармалып, Кыргыз Республикасынын аймагына алынып келинген.

Белгилей кетсек, Р.Матраимов жоюлган «Мыйзамдагы ууру» К. Асанбек менен тыгыз байланышта болгон жана бажы кызматынын кызматкерлеринен жана мамлекеттик ишмерлерден турган кылмыштуу топ түзгөн.

Тактап айтканда, Р.Матраимовго карата 169-берене (эркиндигинен мыйзамсыз ажыратуу) жана 222-берене (кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу (адалдоо) белгилери боюнча кылмыш иши жүрүп жатат. Учурда кылмыш ишинин материалдарынын алкагында тиешелүү тергөө-ыкчам иш-чаралар улантылууда.

Количество просмотров: 94