• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Райымбек Матраимовдун кайсы клиникада дарыланып жатканы айтылды

4 Жалган куран 2021 16:15 Бишкек Govori.TV

Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов бир нече күндөн бери Бишкектеги менчик «Бикард» кардиологиялык клиникасында дарыланып жатат. Бул тууралуу клиниканын өкүлү Елена Баялинованын маалыматына таянып «Азаттык» жазды.

Ал Матраимовдун абалы улам өзгөрүп жатканын айткан.

«Бейтап ооруканага кан басымы оор абалда келип түштү. Кан басымы улам түшүп, көтөрүлүп, бейтаптын абалы стабилдүү болбой жатат. Ал шашылыш түрдө текшерүүгө алынып, коронарография жасалууга муктаж. Балким, башка да анализдер талап кылынат, бөйрөк кан тамырлары текшерилет. Абалы ушундай болгондуктан жакшы болуп калгыча медициналык кароого алынат»,-деп айтылат маалыматта.

Буга чейин Раимбек Матраимовдун жүрөгүнө операция жасоо пландалып жатканы айтылган болчу.

Эскерте кетсек, 18-февралда Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Раимбек Матраимов кармалганын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматынан кабарлашкан. Мекеменин маалыматына ылайык, Матраимов кылмыштуу кирешелерди адалдоо фактысы боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында кармалган. 20-февралда Биринчи Май райондук сотунда анын баш коргоо чарасы каралып, эки айга камакта калган.

Количество просмотров: 295