Бажы кызматынын төрагасынын мурунку орун басары Райымбек Матраимов ооруканага жаткырылды. Бул тууралуу Kaktus.media укук коргоо органдарындагы булактарына таянып жазды.
Матраимов эмне себептен ооруканага жаткырылганы азырынча белгисиз.
Буга чейин абактагы Райым Матраимов кан басымы көтөрүлүп жатканын айтып, Кыйноолордун алдын алуу боюнча Улуттук борбордун өкүлүнө даттанган.
Эскерте кетсек, Матраимов 18-февралда кармалып, эки күндөн кийин Биринчи май райондук соту эки айга камакка алуу чечимин чыгарган.