• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Равшан Жээнбеков абакта калтырылды

8 Бештин айы 202115:59 Бишкек Govori.TV

Саясатчы Равшан Жээнбеков абакта калтырылды. Мындай чечимди Биринчи май райондук соту 8-декабрда кабыл алды.

Маалым болгондой, Жээнбеков 27-декабрга чейин СИЗО-1де болот.

Эске салсак, Равшан Жээнбеков 2019-жылы мурдагы президент Алмазбек Атамбевди кармоо операциясындагы окуяларга айыпталып, камакка алынган. Былтыр парламенттик шайлоодон кийинки башаламандык учурунда, 6-октябрдын түнүндө абактан бошотулган. Кийин саясатчы үй камагынын талаптарын бузганы жүйө келтирилип, кайра камоо чечими чыккан.

Количество просмотров: 129