Саясатчы Равшан Жээнбековдун баш коргоо чарасы өзгөртүлүп, камакка алынды. Бул тууралуу Биринчи Май райондук сотунун маалымат кызматынан билдиришти.
Соттун 5-августтагы чечимине ылайык, ал 5-октябрга чейин №21 тергөө абагына камалды.
«Равшан Жээнбековдун үй камагына алуу боюнча мурда тандалган баш коргоо чарасы 2021-жылдын 5-октябрына чейин камакка алуу менен өзгөртүлүп, №21 мекемесинде кармоо менен алмаштырылды», — деп айтылат маалыматта.
Эске салсак, Равшан Жээнбеков 2019-жылы мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясынын алкагында камалган. 2020-жылы октябрь окуясынан кийин үй камагына чыгарылган. Андан соң президенттик шайлоодо талапкер болгон.