Бишкектеги №1 тергөө абагында отурган саясатчы Равшан Жээнбеков кыргыз коомчулугуна жана президент Сооронбай Жээнбековго экономиканы стабилдештирүү жана өнүктүрүү боюнча сунуш жолдоду.
Жээнбековдун кайрылуусунда мамлекеттин алдында экономиканы, бизнести жана социалдык абалды стабилдештирүүгө каражатты табуу маселеси жазылган. Саясатчы каражат табуу үчүн бийлик жана коом кандай кадамдарга барышы керектигин белгилеген.
Алар төмөнкү кадамдар:
«Мен азыркы өкмөткө дагы программаны сунуш кылат элем. Бирок, сунуш кылбадым. Себеби, азыркы өкмөткө жеткиликтүү каражатты эч ким бербейт. Ишеним жок. Жаңы өкмөт курулуп, бирок курамы, тутунган баалуулуктары жана принциптери азыркыдай болсо, аларга дагы ишеним болбойт. Каражат таба албайт. Ошондуктан, мен толугу менен ишенем, эгер экономиканы стабилдештирип гана тим болбой, өнүгүүгө багыт алабыз, адилеттүү жана татыктуу өлкө курабыз десек, анда саясий элита, коом мен айткан сунуштарды колдошу, талап кылышы зарыл»,-деп жазган ал.
Саясатчы Равшан Жээнбеков Кой-Таш окуясы боюнча айыпталып, камакка алынган. 3-мартта Кой-Таш окуясы боюнча алгачкы сот отуруму жабык болду. Бул ишке байланыштуу мурдагы президент Алмазбек Атамбаев баштаган 19 адамга айып коюлган. Алардын 14ү соттун ачык өтүшүн талап кылышууда.
2019-жылы 7-8-августта Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) жана Ички иштер министрлиги (ИИМ) Чүйдүн Кой-Таш айылында мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясын жүргүзгөн. Анда бир офицер курман болуп, 200дөн ашык адам жабыркаган.