• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Реакция 4.0: Бишкекте Орхан Инандыга байланыштуу жүрүш өтөт

7 Теке 2021 13:05 Бишкек Govori.TV

8-июлда Кыргызстандын баш калаасы Бишкекте «Орхан Инанды биздин жаран» деп аталган тынчтык жүрүшү өтөт. Анын катышуучулары Эркиндик бульвары менен Өкмөт үйүнө чейин жөө жүрүш жасап, Инандыны Кыргызстанга кайтаруу талабын айтышат.

Маалыматка ылайык, жүрүш 8-июлда саат 18:00дө башталат. 

Эскерте кетсек, “Сапат” билим берүү мекемесинин президенти Орхан Инанды 1-июнга караган түнү дайынсыз жоголгон. 5-июлда Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган алардын чалгын кызматы Орхан Инандыны Кыргызстандан кармап, Түркияга алып келгенин билдирген. 6-июль күнү Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Түркиянын элчиси Ахмет Доганга каршылык нотасын тапшырды. Президент Садыр Жапаров Кыргызстан Түркиядан Орхан Инандыны кайтарып беришин талап кыларын ЖМКларга берген маегинде билдирди.

Количество просмотров: 138