• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

«Реформа» Аравандагы чыр боюнча «Биримдик» менен «Мекеним Кыргызстанга» чара көрүүнү талап кылышууда

21 Аяк оона 2020 16:45 Бишкек Govori.TV

«Реформа» саясий партиясы Араванда болгон жаңжалга себепкер болгону айтылган «Биримдик» жана «Мекеним Кыргызстан» партияларынын жоопкерчигин кароо тууралуу өлкө башчы менен БШКнын төрайымына кайрылуу кылышты.

Кайрылуунун тексти толугу менен:

Кыргыз Республикасынын Президенти
Жээнбеков С.Ш

Кыргыз Республикасынын шайлоо жана
референдум өткөрүү боюнча борбордук
комиссиясынын төрайымы
Шайлдабекова Н.К.

Бир канча саясий партиялардын үгүт иштери добуш сатып алуу, аномалдык миграция жана административдик ресурстарды колдонуу менен коштолууда. Буга чейин Кыргызстанда мындай масштабдагы добуш сатып алуу болгон эмес. Өлкөдө мындай жат көрүнүштү көрбөгөн бир да адам калган жок.
Бирок укук коргоо органдары жана БШК эч кандай чара көрбөй, шайлоодогу “фавориттерге” эркин күрөшүүнү тебелөөгө, шайлоо жыйынтыгына ыплас жолдор менен таасир берүүгө мүмкүнчүлүк берип жатат.
Өзгөчө чарасыздык “Мекеним Кыргызстан” жана “Биримдик” партияларына жасалып жатат. Алар 2020-жылдын 20-сентябрында Араван районунун шайлоочулары менен жолугушууда массалык мушташка алып келген чыр-чатактын чыгышына себепкер болушту. Натыйжада, жергиликтүү жашоочулар жабыркады.
Мындай чыр-чатактар улут аралык олуттуу жаңжалга алып келиши мүмкүн экендигин эскертүүнүн кереги жок.
“Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешин шайлоо жөнүндө” конституциялык мыйзамдын 28-беренесинин 2-пунктуна ылайык, шайлоо алдындагы үгүт иштеринде улуттук, этникалык, расалык, диний жана эл аралык кастыкты козута турган, дискриминациялоого чакырган пропаганда жүргүзүүгө тыюу салынат.
Жогоруда айтылган жагдай боюнча ыкчам чара көрүп, болуп өткөн окуяны, массалык түрдө добуш сатып алуу, жүз миндеген жарандарды Форма 2 менен каттоо, административдик ресурс колдонуу фактыларын изилдөөнү жана “Мекеним Кыргызстан”, “Биримдик” партияларынын талапкерлеринин тизмесин каттабоо маселесин кароону талап кылабыз.

Количество просмотров: 104