• Дүйшөмбү 29 Кулжа 2026
  • Понедельник 29 Июнь 2026

«Республика» партиясынын үгүтчүсү «Мекеним Кыргызстандын» тарапташтары тарабынан сабалганын айтты

23 Аяк оона 20208:27 Бишкек Govori.TV

22-сентябрда “Республика” партиясынан талапкер Тынчтыкбек Алтымышев “Фейсбуктагы” баракчасына Нарын районундагы Алыш айылында партиянын үгүтчүсүн “Мекеним Кыргызстан” партиясынын тарапташы сабап салганын жазды. Алтымышев алардын ортосунда №2 форма менен катталган шайлоочулар боюнча чыр чыкканын билдирди.

https://www.facebook.com/100002006952950/posts/3361169807293218/

“Республика” партиясынан талапкер Тынчтыкбек Алтымышевдин посту боюнча “Мекеним Кыргызстан” партиясы билдирүү таратты. Анда партия жалган маалымат тараткандыгы үчүн Алтымышевге чара көрүү боюнча Борбордук шайлоо комиссиясына арыз даярдалып жатканы айтылат. Билдирүүдө Алтымышев жазган чырга партиянын эч кандай тиешеси жок экени белгиленген.

Нарын облустук ички иштер башкармалыгы “Республика” партиясынын үгүтчүсүнүн сабалганы боюнча факт Жазык кодексинин 266-беренеси (“Ээнбаштык”) менен Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки териштирүү башталганын маалымдады.

Милициянын маалыматына ылайык, Нарын райондук ички иштер бөлүмүнө 22-сентябрь күнү саат 12 чамасында 25 жаштагы Алтынбек Асеков аттуу жаран кайрылган. Ал ошол эле күнү таңкы саат алты чамасында Алыш айылында Максат аттуу тургун тааныштары менен сабап кеткенине арызданган. Тергөөнүн баштапкы маалыматына ылайык, Алтынбек Асеков менен Максат тойдо чатакташа кетишкен. Көп өтпөй Максат ооруканага жеткирилген. Милиция Алтынбек Асеков “Республика” партиясынын, ал эми Максат “Мекеним Кыргызстан” партиясынын үгүтчүсү экенин маалымдады.

Көп өтпөй сабалган жаран өзү да видео кайрылуу жасап, уруш эмнеден келип чыкканы тууралуу айтып берген. Анын айтымында ал учурда ооруканада.

https://www.facebook.com/maitikeev/videos/3320753554679606/
Количество просмотров: 82